Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Балдарды иштетип киреше табууга каршы жыйын өттү


Сүлүктүдө көмүр казып иштеген 11 жаштагы Нурбек. Сүрөт 2012-жылы тартылган.
Сүлүктүдө көмүр казып иштеген 11 жаштагы Нурбек. Сүрөт 2012-жылы тартылган.

Каракол шаарында бүгүн «Жаштардын коопсуз жана татыктуу эмгеги» деген темада кесиптик кеңешме өттү. Ага мамлекеттик органдардын, Каракол шаардык мэриясынын, кесиптик кошуундардын өкүлдөрү катышты.

2-июндан 12-июнга чейин Балдар эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөш боюнча он күндүктүн алкагында уюштурулган бул иш-чаранын максаты 18 жашка чейинки курактагылардын ишке орношуу тартиби, жарандардын эмгек укуктары жөнүндө кенен маалымат берүү экени айтылды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 5 жаштан 17 жашка чейинки курактагы балдардын 39% эмгекке тартылат, айрыкча айыл жергесинде.

Укук коргоочулар пайда табуу максатында балдарды иштетүүнү, айрыкча оор жумушка салууну айыптап келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG