Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

УКМК: Улут аралык кастыкты козуткан Facebook колдонуучусу камалды


Кыргызстандын атайын кызматы улут аралык кастыкты козутту деген шек менен интернеттеги социалдык түйүн колдонуучусун камакка алды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, “улут аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде буга чейин козголгон кылмыш иш алкагында алты адам аныкталган. Алар сурак берип, түшүнүк кат жазды. Ал эми дагы бир жаран Фейсбукка башка улуттун өкүлдөрүнө күч колдонууга чакырганы үчүн камакка алынды:

- Зомбулукка жана башка улуттагы адамдарга карата күч колдонуу чакырыктары менен жазганы боюнча кармалды. УКМК ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Фейсбук тармагында бир нече колдонуучуну аныктаган. Алар укук бузууларга жана коомго каршы иш-аракеттерге чакырык жазып, улут аралык кастыкты козуткан, анын ичинде Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Масы айылындагы жаштардын мушташына байланыштуу комментарийлерди калтырган.

Кармалган жаранга байланыштуу факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды.

18-май күнү Ноокендин Масы айылында жергиликтүү жаштар чатакташып, бирөө башкаларын бычактап, качып кеткен. 19-майда бычак жеген жаштардын жакындары райондук милициянын алдына барып, бычактаган жигитти таап, жазалоосун талап кылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG