Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Вашингтон: Украинадагы кризис чечилмейинче Орусиядан санкциялар алынбайт


АКШ президенти Дональд Трамптын маалымат катчысынын орун басары Сара Хакаби -Сандерс.
АКШ президенти Дональд Трамптын маалымат катчысынын орун басары Сара Хакаби -Сандерс.

АКШ президенти Дональд Трамптын маалымат катчысынын орун басары Сара Хакаби - Сандерс 8-июнда билдиргендей, Орусияга каршы киргизилген санкциялар Украинадагы кризис жөнгө салынмайын алынбайт. Ал Ак үйдүн администрациясы Москва Украинадагы кризисти чечүү боюнча өз моюнуна алган милдеттенмелерин аткармайынча, санкциялар сакталып турарын кошумчалады.

Кошмо Штаттар жана бир катар Батыш мамлекеттери 2014-жылы Москва Крым жарым аралын аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнү үчүн бир нече айлампа менен Орусияга каршы санкцияларды киргизишкен. АКШ президенти Дональд Трамп өткөн жылкы шайлоо кампаниясынын маалында Орусиянын президенти Владимир Путинди мактап, Москва менен жакшы алакада болгусу келерин айтышы санкция киргизген союздаштардын тынчсыздануусун жараткан.

XS
SM
MD
LG