Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгы журналист Улукбек Бабакуловго карата кылмыш иш козгоду. Ал Fergananews.com сайтында жана башка ресурстарда чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялаган деп шектелүүдө. Атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул макалалар этника аралык кастыкты козутууга жана улут аралык карым-катнашты курчутууга багытталганы аныкталды:
- Улуттук Илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук университетинин эксперттери жана адистери өткөргөн филология жана саясат таануу экспертизасынын жыйынтыгы боюнча Бабакуловдун макалаларында улут аралык кастыкты козгой турган жана ошондой эле улуттук намыска тие турган чакырыктар бар экени аныкталды.
Ошондой эле атайын кызмат Бабакулов бул макалаларды 2010-жылдагы Июнь окуясын утурлай жарыялоо менен чет өлкөдөн саясий башпаанек алуу максатын көздөгөнү аныкталганын билдирди.
Иш Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Улут, раса, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу) негизинде козголду.
Бабакулов боюнча маселе буга чейин парламентте да талкууланганда ал өзү 2-июнда “Азаттык” радиосуна комментарий берип, макаласында интернеттеги социалдык сайттарды анализдеп көргөзгөндүгүн гана билдирген:
- Мен социалдык тармактарда улут аралык мамилени козуткан пост, пикирлер жазылып жатат деп, ошолорду которуп жазгам. Ошого атайын кызматтар бөгөт койсо дейм. Мен ошол маселени көтөрдүм. Атайын кызматтар саясат менен алектенбей, ошол нерселерди да көзөмөлдөшү керек.
2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, 442 адамдын өмүрү кыйылган. (RK)