Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

УКМК кылмышка шектүүнүн апасынын айыптоосун четке какты


Кыргызстандын атайын кызматы террордук акт жасоого даярдык көргөн деген шек менен кармалган жарандын апасынын айыптоосуна жооп кайтарды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов бүгүн “Азаттыкка”:

- Бул маселе боюнча ата-энени түшүнсө болот. Карга деле баласын аппагым дейт эмеспи. Бирок факт менен айта турган болсок, 6-июнда контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Кыргызстанда террордук акт уюштурууга камданып жаткан адам кармалган. Ал мина жардырууну үйрөнүп, жанкечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келген, эл аралык террордук уюмдум башчыларынын буйругун күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн өзү жардырууга камданып жаткан, - деп билдирди.

Сулаймановдун айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында сот акыркы чечимди кабыл алат. “Ал эми УКМК улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзам чегинде гана иш алып барат” деп белгиледи Сулайманов.

Кармалган жарандын апасы Гүлола Ташпаева бүгүн "Азаттык" менен байланышып, уулуна коюлуп жаткан айыптоону четке каккан жана УКМКны айыптаган болчу:

- Атайын кызмат өкүлдөрү бизди бир бөлмөгө кармап, өз алдынча тинтүү жүргүзүп, ок дары жана граната табылды деп айтышты. Бирок мунун баарын өздөрү уюштурушкан.

Кармалган бала, апасынын айтымында, эмки айда 18 жашка толот. Үй-бүлө Сузак районунун Ырыс айылында жашайт. Атасы бир топ жыл мурда соттолуп, камалган. (RK)

XS
SM
MD
LG