Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Минск спортчу Амриевди Чеченстанга өткөрүп берди


Эрежесиз эр уруш боюнча Орусиянын чемпиону Амриев.
Эрежесиз эр уруш боюнча Орусиянын чемпиону Амриев.

Беларус бийлиги Чеченстанда издөөдө жүргөн спортчу Мурад Амриевди анын туугандарынын суранычына жана укук коргоочулардын эскертүүсүнө карабай Чеченстандын Ички иштер министрлигине өткөрүп берди.

Анын жакындары Амриевду Чеченстанда кыйнап, атургай өлтүрүп да коюулары мүмкүн деп кооптонушууда.

Эрежесиз эр уруш боюнча чемпион Амриевди 7-июнда Добруш шаарынын жанында беларус чек арачылары кармаган. Мурдараак ага Чеченстандын укук коргоо органдары издөө жарыялаган. Укук коргоочулардын айтымында, Амриевду чечен полициясынын кызматкерлери өч алуу максатында куугунтуктоого алышкан.

"Новая газета" жазган маалыматка ылайык, 2013-жылы Мурад Амриев укук коргоочуларга Грозныйдын ички иштер бөлүмдөрүнүн биринде туш болгон кыйноолору тууралуу айтып берген. Спортчунун айтымында, мындай жол менен полициячылар анын Германияда жашаган агасын Чеченстанга кайтарууга аракеттенишкен. Азыр Амриевдин кайда экени белгисиз. Анын үй-бүлөсү 9-июнда Чеченстандан чыгып кетти. Мурад Амриев Чеченстанда жасалма документтерди колдонгон деген шек менен федералдык издөөдө болгон.

XS
SM
MD
LG