Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Тегерандагы чабуулдарга байланыштуу эки шектүү кармалды


Тегерандагы террордук чабуулда курман болгондорун сөөктөрү жерге берилди.
Тегерандагы террордук чабуулда курман болгондорун сөөктөрү жерге берилди.

Иран полициясы Тегерандагы кош чабуулга байланыштуу эки шектүүнү кармаганын Ирандын басма сөз каражаттары жазышты. Мамлекеттик канал 9-июнда кабарлагандай, шектүүлөр Керманшах провинциясында кармалышкан жана атайын жүргүзүлгөн рейд маалында ал жактагы террордук топтордун уюктары да жок кылынды.

7-июнда Тегерандагы парламентке жана Аятолла Хоменеинин мавзолейине жасалган чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна "Ислам мамлекети" террордук уюму алган. Өлкөнүн Чалгын министрлиги тараткан маалыматка ылайык, чабуул койгондордун бешөө Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" радикал тобуна кошулган ирандыктар болгон. 7-июндагы кош чабуулдан 17 киши мүрт кеткен, аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июнда өттү.

XS
SM
MD
LG