Массалык кыскартуу тууралуу Republic басылмасы каналдын бир нече кызматкерине таянуу менен жазды. Каналда бардыгы болуп 800 киши иштеп жаткан.
“Культура” ВГТРК холдингине карайт. 2017-жылы аны каржылоо 27 миллиард рублди түзгөн. “Медиаскоп” журналынын маалымдашынча, 29 майдан 4-июнга чейинки жалпы федералдык рейтингде 19-орунду ээлеген. Ал эми биринчи орунда “Россия-1” телеканалы турган.
Май айында Финансы министрлиги мамлекеттик ЖМКларды каржылоону 2,5 миллиард рублге чейин көтөрүүнү сунуштаган. Орусияда мамлекеттик ЖМКларга сарпталчу акча ушуну менен 76 миллиард рублди түзөт.