Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Ош шаарында июнь окуясынын жети жылдыгы эскерилди


“Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында өткөн эскерүүгө өкмөт башчы Сооранбай Жээнбеков, 2010-жылы июнь коогасында Ош шаарынын коменданты болгон, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана каза тапкандардын жакындары катышты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков элди ынтымакка чакырып, балдарды кичинесинен бери толеранттуулукка тарбиялоо керектигин белгиледи.

Учурда өкмөт башчы Сузактагы Санпа окуясы болгон жерге жөнөп кетти.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам набыт болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Ал эми Ош – Бишкек жолундагы "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанындагы каргашада 16 адам набыт болуп, экөө дайынсыз жоголгон. (YI/TSh)

XS
SM
MD
LG