Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Текебаевдин соту өтүп жаткан залдагы видео камералар өчүрүлбөйт


Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты. 8-июнда өткөн отурумда судья Эрнис уулу Айбек "иш саясатташты" деген жүйөнү четке кагып, видео, сүрөткө тыюу салуу тууралуу мурда кабыл алган чечимин күчүндө калтырган. Мындан улам айрым жергиликтүү интернет сайттар кийинки соттук кароодо залдын дагы видео камералары өчүрүлөрүн жазып чыгышкан.

Айыпталуучулардын адвокаттары соттун жүрүшүн видеого тартууга уруксат берүү өтүнүчүн келтиришкен. Ал эми прокуратура өкүлдөрү видеого тыюу салууну сунуштап, муну "күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында" деп түшүндүргөн.

Бишкектин Биринчи Май районунда каралып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Үч айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда. Анын ишине байланыштуу мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов да кармалган.

XS
SM
MD
LG