Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Укук коргоочулар БУУнун кеңсесинин алдына тынч митингге чыкты


Бишкекте укук коргоочулар жана активисттер Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганына нааразы экенин билдирип акцияга чыкты.

- Саясий куугунтук, сөз эркиндигине басым, Баш мыйзамдагы укуктарыбыз басмырланбасын деген талаптарыбызды Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы биздин жетекчиликтерге жеткирсин, -деди акциянын катышуучусу, жарандык активист Адил Турдукулов.

Чогулгандар талаптары жазылган кагазды БУУ кеңсесине тапшырганын маалымдашты.

Кыргызстандагы жарандык коомдун ондон ашуун өкүлү Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына тынч пикетке 9-июнь күнү да чыгышкан. Алар уюмдун баш катчысы Антониу Гутерреш менен жолугат делген бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнүн тизмесинде болбой калганына нааразылыгын билдирип жатышат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Борбор Азияга сапарынын алкагында Бишкекке 11-июнда келет. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан соң Ош шаарына барып, июнь окуясынын жети жылдыгына арналган иш-чараларга катышат.

XS
SM
MD
LG