Кыргызстандын Жалал-Абат облусунун Сузак районуна караштуу Санпа жергесиндеги эскерүү иш-чарасына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
“Июнь калабасы өлкөнүн бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүккө доо кетире турган жагдайды бийлик өз учурунда чара көрүп токтотуп калды. Кудай берген берекелүү жерибизде улутка бөлүнбөй, ата-бабадан бери келе жаткан мурасты сактап калалы”, - деди Жээнбеков.
"Санпа шейиттери" коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов да сөз сүйлөп 2010-жылдагы июнь окуясын уюштургандар жана ошол кездеги убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жазаланышы керек деген оюн айтты.
“Кан төгүүгө жол берип, эми элди чабыштыргандар жоопкерчилик алышы керек”, - деди Мамарасулов.
Эскерүү зыйнатында бир гана жабырлануучуга сөз берилгендиктен нааразы болгондор да болушту. Уулунун дайынын ушул кезге чейин таппай келе жаткан Марсиана Мамаева бул таарынычын өкмөт башчыга айтып, жабырлануучуларды өзүнчө кабыл алуусун өтүндү. Санпадагы эскерүүгө 500дөн ашуун адам катышты. (RsK)