Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Караколдогу мушташ боюнча мурдагы депутат эки айга камалды


Мындай чечимди 9-июнь күнү Каракол шаардык соту чыгарды. Караколдо калайман мушташ болду деген окуяга байланыштуу эки адамга "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Каракол шаардык милициясынан маалымдашты.

Кылмышка шектелип кармалгандардын бири Максат Касенов шаардык кеңешке болгон соңку шайлоого катышып, бирок өтпөй калган “Улуу Кыргызстан” партиясынын жетекчиси. Ал өткөн чакырылыштагы шаардык кеңеште Кыргызстандын жаштар партиясынан депутат болчу.

7-июнь күнү Караколдо калайман мушташ чыкканы кабарланган. Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматында, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө А аттуу жарандын аялы күйөөсүнүн сабалганын айтып арызданган.

Караколдогу окуяга байланыштуу ал жерде облустук олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары катышты деген маалымат тараган. Милиция бул версияны четке кагууда.

XS
SM
MD
LG