Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Ак-Суу районунда адамдын сөөгү табылды


Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн Жол-Колот айыл аймагында адамдын сөөгү табылды. Окуя болгон жерде маркумдун айдап жүргөн автоунаасы жана мылтык табылган. Милиция тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады, бирок адам өлүмүнүн чоо-жайы айтыла элек. Маркум киши колдуу болгону же өз өмүрүнө кол салганы териштирилип жатат.

“Азаттыктын” кабарчысы каза болгон адамдын тек-жайын жеринен барып сураштырган. Жергиликтүүлөр маркум Боз-Учук айылынын 20 жаштагы тургуну экенин айтышкан. Ал жакындарына 9-июнь күнү кечки саат 11лер чамасында бирөөлөр менен жеке чырын чечүүгө Карколго кетип баратканын айткан. (AsM)

XS
SM
MD
LG