Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Кыргызстанга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш келүүдө


БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Астанадагы ШКУнун саммитинде. 09.6.2017.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Астанадагы ШКУнун саммитинде. 09.6.2017.

Жекшембиде БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азияга сапарынын алкагында Бишкекке келүүдө. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан соң, ал Ош шаарына барып, этностор аралык кагылышуулар орун алган 2010-жылдын июнь окуяларынын жети жылдыгына арналган коомдук иш-чараларга катышат.

8-июнда Антониу Гутерриш Казакстанга келген. Мында ал ШКУнун жыйынында чыгып сүйлөп, бул уюмга жаңыдан мүчө болгон Индия менен Пакистанды куттуктаган.

БУУнун баш катчысы А.Гутерриш менен Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев Самарканд шаарында. 10.6.2017.
БУУнун баш катчысы А.Гутерриш менен Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев Самарканд шаарында. 10.6.2017.

10-июнда анын сапары Өзбекстанда улантылып, Самаркандда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге Өнүгүү боюнча улуттук форумдун ачылышына катышты.

Ал Бишкек менен Оштогу сапарын жыйынтыктаган соң, 12-июнда Тажикстанга барат. Антониу Гутерриштин Борбор Азия чөлкөмүндөгү сапары Түркмөнстанда соңуна чыгат.

Укук коргоочулар БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти Борбордук Азиядагы сапары учурунда чөлкөмдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу маселени көтөрүүгө чакырышууда.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерин кыйноолорду токтотууга, тынч коомдук жыйындарга жана өз оюн эркин билдирүүгө уруксат берүүгө үндөйт.

XS
SM
MD
LG