Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Порошенко: Европага визасыз кирсек Орусиядан алыстайбыз


Украинанын президенти Петро Порошенко өлкө жарандары Европа Биримдигиндеги мамлекеттерге визасыз кирген күндөн тарта “Орусия империясы жана Советтер союзу менен биротоло коштошот” деп айтты.

Киевдеги визасыз режимге калган убакытты санаган символикалуу таймерди ишке киргизүү аземинде Порошенко “артка кайткыс өзгөрүүлөр санала баштаганын”, Украина “Европадагы элдеринин катарына кошуларын” жарыялады.

Украина жарандары үчүн визасыз режим 11-июнга оогон түндөн баштап күчүнө кирет. Өлкө жарандары биометрикалык паспорт менен ЕБ аймагында 90 күнгө чейин жүрө алат. Бирок бул аралык ичинде аларга ишке орношуу укугу берилген жок.

XS
SM
MD
LG