Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Тышкы миграция электрондук каттоого алынат


Кыргызстанда тышкы миграция боюнча бирдиктүү катто системасы түзүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча өткөргөн жыйында айтылды. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Жыйында бирдиктүү электрондук системаны түзүү, ага тиешелүү мекемелерди кошуу маселеси талкууланды.

Сапар Исаковдун белгилешинче, бул система жарандардын мамлекеттик тейлөө кызматынан пайдалануусуна шарт түзүп, коррупцияны алдын алат жана коопсуздукту камсыз кылат.

Быйыл сентябрга чейин ишке кирүүсү пландалып жаткан система чет элдик жарандарга дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун Кыргызстанга келүү үчүн электрондук виза алуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Ошону менен катар жүз миңдеген кыргызстандыктар учурда чет жакта тышкы мигрант болуп жашап жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG