Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Бишкекте отузга жакын көчөнүн жолу оңдолууда


Ушу тапта Бишкек шаарында 28 көчөнүн унаа жолунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Жолдун четиндеги тосмолор, суу агып өтүүчү арыктар жана тротуарлар да жаңыланууда.

Оңдоо иштери Кытай өкмөтү берген 350 миллион юан гранттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Бул каражат тууралуу макулдашууга 2015-жылы кол коюлган.

Жалпысынан 49 көчөдөгү 95 чакырым жол жана 7 көпүрө оңдолот деп пландалууда.

Буга чейин Кытай берген 52 млн юанга Бишкекте 8 чакырым жол оңдолгон. Бул жолу шаар бийлиги борбордон алыс жайгашкан көчөлөрдү, кичи райондордун ичин оңдоого көңүл бурууда. (RK)

XS
SM
MD
LG