Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Европа Украина үчүн визасыз каттам ачты


Бүгүнтөн тарта украин жарандары Европа Биримдигинин аймагына визасыз кирүү укугун алышты.

Өлкө президенти Петр Порошенко бул күндөн баштап Украина “Орусия империясы жана Советтер Союзу менен биротоло коштошот” деп айткан.

Чек арачылар жаңы эрежеден улам көзөмөл-өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн жарандардын агымы 30% өсөт деп божомолдоп жатышат.

Өлкө жарандары биометрикалык паспорт менен ЕБ аймагында 90 күнгө чейин жүрө алат. Бирок бул аралык ичинде аларга ишке орношуу укугу берилген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG