Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Июнь коогасынын унутулгус кайгысы

10-июнда 2010-жылы Кыргызстанда болгон июнь окуясынын жети жылдыгы эскерилди. Буга байланыштуу расмий иш-чаралар Ош жана Жалал-Абад облустарында өттү.
Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында өткөн эскерүүгө өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий өкүлдөр, каза тапкандардын жакындары катышты. Андан кийин өкмөт башчы Сузактагы Санпа окуясы болгон жерге барды.
Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында жалпысынан 446 адам набыт болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган.

XS
SM
MD
LG