Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:51

Бакиевдер ээлеп алган "Витязь" маданият кызматкерлерине өттү

Ысык-Көл жээгиндеги "Витязь" пансионаты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Жылкыбаевдин айтымында, маданият тармагынын кызматкерлери быйылтан тарта ал жерде эс ала баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Чок-Тал айылында жайгашкан "Витязь" пансионаты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын уулу Максим Бакиев мыйзамсыз менчиктештирип алган деген негизде 2010-жылы бийлик алмашканда улутташтырылган. Эс алуу жайы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына өткөрүлүп алынган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG