Кыргызстан соңку 5-6 жыл ичинде кирешесинин көлөмүн үч эседен ашык жогорулата алды. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев “Таза коом” долбоорунун максатын эл аралык уюмдарга түшүндүрүү максатында уюштурулган жыйында сүйлөп жатып айтты.
“Бизде ири ишканалар курулган жок, газдын кендери ачылган жок, бирок өлкөнүн ички дүң өнүмүн 2,5 эсе көбөйтө алдык. Киреше 3 эседен көп жогорулады. Коррупцияга каршы күрөштөн эле 3 эсе жогорулаттык” деди Атамбаев.
Мамлекет башчы ушул жолду илимий негизде, жакшы инвестициялар менен улантса Кыргызстан мындан да жакшы ийгиликтерге жетишерин кошумчалады.
Жыйынга катышкан БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш "Таза коом" долбоорун кубаттай турганын айтты. Ушундай эле позициясын бир катар башка эл аралык уюмдардын, банктардын өкүлдөрү да билдиришти. (RK)