Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:46

Аксыда өзгөчө кырдаал сакталууда


Аксы, Авлетим аймагы
Аксы, Авлетим аймагы

Аксыда өзгөчө кырдаал режими сакталууда, күйдүргү очогу көмүлгөн жерди коопсуздандыруу иши уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди:

- Күйдүргү очогу көмүлгөн жерде атайын техника иштеп жатат. Бир аз коопсуздандырылып калды. Суунун нугу жарым-жартылай башка жакка бурулду. Жараксыз абалга кептелген көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Андан башка 14 көпүрөнүн дээрлик бардыгында каттам ачылды.

Бекиловдун айтымында, өзгөчө кырдаал режими алына элек, себеби Авлетим, Итагар, Падыша-Ата дарыяларында суунун деңгээли көп жылдык нормасына салыштырганда 1,5-2 эсе көп болуп жатат.

Жергиликтүү тургундардын күнүмдүк жашоосуна тоскоолдук жаралган жок.

Синоптиктер, аба ырайына байланыштуу 15-июнга чейин шашылыш эскертүү тараткан.

Аксыда сел жүрүп, Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында үйлөрдү, жолдорду жана көпүрөлөрдү каптагандыктан 5-июнда жергиликтүү бийликтин буйругу менен өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG