Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:15

Кыргызстанга бир күндүк сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш жана өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ушу тапта Ош шаарында 2010-жылдын Июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасына катышып жатышат.

Өкмөт башчы Жээнбеков бир эле Өзгөн районунда соңку жылдары 200дөй тургун аралаш үй-бүлө курганын, улут аралык ынтымакты бекемдөө иштери уланып жатканын айтты.

Гутерриш 2010-жылы БУУнун качкындар иши боюнча мекемесин жетектеп турганда Ошко келгенин эскерип, коогалаңда каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

"Көп улут, түрдүү дин байлык экенин түшүнүшүбүз керек. Тынчтыкты курууга силер көп аракет кылдыңар, бирок бул ишти токтотпошуңар керек. Орозо айы тынчтыкты далилдөөчү убакыт" деди БУУнун баш катчысы.

2010-жылы июнь айында улут аралык коогадан Ош менен Жалал-Абадда 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. (YI)

XS
SM
MD
LG