Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:48

Францияда бүгүн парламенттик шайлоонун биринчи туру өтүп жатат. Добуш берүү мажоритардык система боюнча 577 шайлоо округунда жүрүүдө. Эгер талапкерлердин бири да 50 проценттен көп добуш ала албаса, бир аптадан кийин экинчи тур болот.

Бүгүнкү шайлоо борборчул Эммануэл Макрон өлкө президенти болгондон бир ай өткөндөн кийин уюштурулууда. Коомдук пикирди сурамжылоолор анын "Алга, республика!" кыймылына шайлоочулардын 30 пайызынын добушу тиерине, ал парламентте абсолюттук көпчүлүк аларына үмүттөнсө болорун божомолдоп жатышат.

Теракт коркунучуна байланыштуу бүгүнкү жараян коопсуздук абдан күчөтүлгөн шартта өтүүдө. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG