Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Германияга чукул конгон учактан бомба табылган жок


Көлн-Бонн аэропорту.
Көлн-Бонн аэропорту.

Ишембиде Көлн-Бонн аэропортуна чукул конгон жүргүнчү учагында бомба болгон эмес. Бул тууралуу Германиянын полициясы кабарлоодо.

Жүргүнчүлөрдүн биринен тартып алынып, коопсуздук үчүн полиция атайын жардырган баштыкта жарылма зат болбогонун адистер бышыкташкан.

Словения борбору Люблянадан Лондонго багыт алган учак үч жүргүнчү "терроризмге байланыштуу маселелерди" талкуулап жатышат деген маалымат пилотко жеткенден кийин чукулунан конгон.

Британиянын үч жараны өз ара сүйлөшүүлөрүндө "жарылма зат" жана "бомба" деген сөздөрдү колдонушкан деп айтылууда. Полициянын маалыматына караганда, алар кармалып, сурак беришүүдө.

XS
SM
MD
LG