Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту уланат


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы депутат Садыр Жапаровго байланыштуу ишти кароону улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Динара Медетова кабарлады. 6-июндагы соттук отурумда адвокаттар иштин материалдары менен таанышууга убакыт сурашкан. Натыйжада сот отурумду токтотуу чечимин кабыл алган. Ал күнү ишти алып барган судья Эмилбек Кайыпов соттук териштирүү маалында видеого тартууга тыюу салынарын айткан болчу. Жапаровдун адвокаттары бүгүнкү отурум ачык болушун суранышат.

Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жапаровдун камалышына нааразы болгон тарапташтары 25-мартта УКМК алдында милиция менен тирешип, жүздөй киши кармалган. Алардын ичинен 12 адам эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганы бар.(КЕ)

XS
SM
MD
LG