Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:01

Бүгүн Бишкек шаардык соту мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чотоновдун адвокаты Бактыбек Жумашев кабарлады.

8-июндагы соттук отурумда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу адвокаттардын Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырган эмес. Мындай чечимге нааразылык билдирген адвокаттар шаардык сотко арызданган.

Баш коргоо маселеси чечилгенге чейин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун Биринчи Май райондук сотундагы процесси убактылуу токтогон.

Текебаев 2010-жылы орус жаранынан ири суммада пара алган деген шек менен февраль айында кармалып, көп өтпөй ушул эле ишке байланыштуу Чотонов камалган. Экөө тең УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Райондук сот УКМК тергеген ишти 5-июнда карап баштаган.

Соттолуучулар кылмыш иши бийликтин буйругу менен саясий максатта козголгонун айтып келет, ал эми Башкы прокуратура бул айыпты четке кагууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG