Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Чүйдө поезд кичи автобусту сүзүп кетти


Бүгүн кечки саат жетилер чамасында Беловодск-Сосновка жолунда жүргүнчү ташыган поезд жүк ташыган кичи автобусту сүзүп кетти. Бул маалыматты Чүй облусунун патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Тилек Исаев “Азаттыкка” ырастады. Маалыматка караганда, Бишкекке келаткан жүк ташуучу "Мерседес-бенц" үлгүсүндөгү кичи автобус поезддин келип калганын байкабай калган. Алдын ала маалыматка ылайык, автоунаанын айдоочусу аймактык ооруканага жаткырылды. Андан башка жабыр тарткандар жок экени маалымдалды. Окуя боюнча ИИМдин транспорттук иштер боюнча башкармалыгы тергөө жүргүзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG