Пентагон Сомалидеги авиарейд тууралуу билдирүү таратып, экстремисттик “Аш-Шабаб” тобунун борбор калаа Могадишодон 300 чакырым аралыктагы турумдарына сокку урулганын кабарлады. АКШнын аскерий мекемеси авиасокку аймактык өнөктөштөр менен сүйлөшүлгөндөн кийин жасалганын жана бул “Аш-Шабабдын” кол салууларына жооп болгонун билдирди. Пентагондун маалыматында авиасоккунун жыйынтыктары жана каршылаш тараптын жоготуулары тууралуу айтылган эмес.
Сомали президенти Мухамед Абдуллах Мухамеддин канцеляриясы мамлекет башчы жергиликтүү аскер күчтөрүнө “эл аралык өнөктөштөрдүн” жардамы менен “Аш-Шабаб” тобуна каршы операция жүргүзүүгө макулдугун бергенин айткан.
АКШнын президенти Дональд Трамп аталган экстремисттик топко каршы жана согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сомалинин түштүгүндө операцияларды кеңейтүүнү колдогон. (КЕ)