Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Өзгөндө көчкүдөн жабыркагандарга жер тилке бериле баштады


Аюу-Сайдагы көчкү.
Аюу-Сайдагы көчкү.

Оштун Өзгөн районунда көчкүдөн жабыркагандарга жана көчкү коркунучу жогору аймакта жашагандарга сегиз сотыхтан жер тилкеси акысыз бериле баштады. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Кароол, Кызыл-Октябрь жана Төрт-Көл айыл аймактарынан 67 үй-бүлөгө участка бөлүндү. Жалпысынан район боюнча 1039 тилке берилет.

29-апрелде Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жер көчкү жети үйдү басып, 24 адам көз жумган. Майдын башында Жалпак-Таш айылында ондогон үйлөр топурак астында калган. (SE)

XS
SM
MD
LG