Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Кыргызстанда "Супер ата" өнөктүгү жүрүп жатат

ЮНИСЕФ уюму 12-июндан 18-июнга чейин "Супер ата" өнөктүгүн баштады. Анын максаты балдардын өнүгүүсүндө аталардын ролу маанилүү экенин коомчулукка баса көрсөтүү экенин аталган уюмдан кабарлашты. Өнөктүк медиа каражаттар менен кызматташтыкта уюштурулууда. 

18-июнда дүйнөдөгү 90дон ашуун өлкөдө "Аталар күнү" белгиленет. Аталарды балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө шыктандырып, аларды колдоп, дем берүү максатында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Facebook, Instagram жана Twitter өңдүү социалдык тармактарда #СуперАта #Алгачкы Күндөрдөн Баштап деген хэштег менен сүрөттөрдү жана тасмаларды жарыялоону сунуштайт. 

Бул акция дүйнөдөгү башка мамлекеттерде да уюштурулат. 

XS
SM
MD
LG