Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Төрт жашар кызды айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм сүзүп кеткен


Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 10-июнда төрт жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Анын жашы жете электиги жана айдоочулук күбөлүгү жок машине айдап, катуу ылдамдыкта баратканы белгилүү болду:

- Бишкектин Төмөнкү Ала-Арча районунун Сары-Челек көчөсүндө 10-июнда саат 16:20 чамасында наристени машине коюп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Биздин кызматкерлер барып, "Тез жардам" чакырышкан. Кызды кандай машине сүзгөнүн аныктап, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Сураштырып отуруп, автоунаа ошол эле райондогу башка көчөдөгү гаражда токтотулуп турган жеринен табылган. Айдоочунун жашы он алтыда экени жана "Хонда-фит" үлгүсүндөгү апасынын машинесин айдап алганы аныкталды. Ал кызды сүзүп кеткенден кийин коркуп качып кеткенин айтып берди. Ылдамдыгы жогору болчу, токтобой андан ары кете берген. Машинеде жашы жете элек достору болгон. Кырсык болгон жерден анча алыс эмес көчөдөн аларды түшүрүп койгон.

Таалай Бугубаев кошумчалагандай, окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 281-121-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Автоунаа айып пул жайына токтотулуп, тергөө жүрүп жатат, техникалык жана медициналык экспертизалар дайындалган. Айдоочу тергөө абагына камакка алынабы же ата-энесинин жоопкерчилигин кароо менен үй камагына чыгабы, азырынча белгисиз. Наристе катуу жаракат алып, Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасына жеткирилген. (NT)

XS
SM
MD
LG