Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

Бишкек-Кара-Балта жолундагы дарактар кесилип жатат


Бишкек-Кара-Балта жолун кеңейтүү максатында жол жээгиндеги дарактар кесилип жатат. Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашкандай, 3000 түп дарак кесилип, жаңыланган жолдун четине 4 миң түптөн ашуун көчөт отургузулат.

Андан тышкары, жол боюндагы 200дөн ашуун объект сүрдүрүлөт. Ээлерине 2,2 миллион доллар өлчөмүндө компенсация каралганын аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Июндун башында Бишкек шаар бийлиги жолдорду кеңейтүү үчүн көчөнүн жээгиндеги бак-дарактарды кыя баштаган. Буга активисттер нааразылык билдирип келүүдө.

XS
SM
MD
LG