Катар өкмөтүнүн билдиргенине караганда, алар учурдагы дипломатиялык араздашууга карабай Перси булуңу боюнча коңшуларынын жарандары өлкөдө кала беришин кубаттайт.
Өткөн апта башынан тарта Сауд Аравия, БАЭ, Бахрейн, Египет Катар менен дипломатиялык байланыштарын үзүп, бул өлкөнү абадан, кургактан, деңизден да блокадалоодо.
Башкача айтканда расмий Доханы “экстремисттик топторду” колдойт деп айыптаган бул өлкөлөр Катар менен аба каттамдарын, транспорт байланыштарынын бардык түрүн токтотту.
Алардын көпчүлүгү ошондой эле Катардын жарандарынын өлкөсүнөн кетишин да талап кылган.
Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн башкы өнөктөшү – АКШнын президенти Дональд Трамп коңшуларынын Катарга каршы кадамын колдоду.
Анткен менен АКШнын башка расмийлери, анын ичинде мамлкеттик катчы Рекс Тиллерсон чыңалууну басаңдатууга умтулушууда.
Катарда АКШнын маанилүү аскерий базасы жайгашкан.
Дохадагы бийликтер өз кезегинде коңшуларынын терроризмди колдойт деген айыптоосун четке кагып, сүйлөшүүлөргө даяр экендигин айтып жатат.
Катар менен мамилеси бар Иран кечээ бул өлкөгө беш учак менен азык -түлүк жөнөттү.
Иран ошондой эле Катардын учактары үчүн өзүнүн аба мейкиндигин да ачты. (UE)