Мурунку президент Курманбек Бакиевдин Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына берилген Сузактагы резиденциясы жана Көк-Жаңгак шаарынын сыртындагы эс алуу жайы кайра Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу бейтапкананын директору Жаныбек Карабаев “Азаттыкка” билдирди.
Аталган эки мүлк 2016-жылы оорукананын карамагына өткөрүлгөн. Мурунку жетекчилик ал жерге кымыз менен дарылоо борборун жана кошумча бөлүмдөрдү ачууну пландаган. Былтыр облустук төрөткана оңдолуп жатканда резиденция үч ай төрөткана катары иштеп турган.
Карабаевдин айтымында, учурда долбоор аркылуу ооруканага кошумча имарат курулуп жаткандыктан, жогорудагы мүлктөргө муктаждык жок. Аларды оңдоп-түзөөгө каражат тартыштыгынан улам да артка кайтаруу чечими кабыл алынган.
Мурунку президенттин туугандарына таандык Жалал-Абад шаарындагы үч гектар жер жана курулуш базары былтыр шаардын карамагына өткөрүлгөн. (RsK)