Шайлоонун биринчи айлампасынын соңку жыйынтыктары президент Эммануэл Макрондун борборчул партиясы Улуттук ассамблеядагы орундардын басымдуу бөлүгүн аларын ишара кылууда.
Эсептөөлөр Макрондун “Алга, республика" партиясы добуштардын 28%, ал эми өнөктөш партиялар менен бириккенде 32,3% аларын көргөздү.
Ал эми консервативдик Республикалык партия 16%, ашынган оңчул "Улуттук фронт" 14% алды.
Ал эми мурдагы президент Франсуа Олландын Социалисттик партиясы болгону 7% гана чекти багындырды.
Добуш берүүгө болсо калктын 49% гана катышты. Бул азыркы Франциянын тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч.
Француз парламентинин төмөнкү палатасындагы 577 орун үчүн 7 882 талапкер ат салышты.
Шайлоонун экинчи айлампасы 18-июнга мерчемделген.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгында болгону үч гана талапкер жеңишке жетишти.
Француз мыйзамдары боюнча биринчи айлампада кеминде 12,5% добуш топтой алган талапкерлердин баары экинчи айлампага бара алат. (UE)