Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

Аксыда өзгөчө кырдаал режими сакталууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абаддан Аксы районунда сел коркунучунан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Күйдүргү очогу көмүлгөн жерди коопсуздандыруу иши уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдиргендей, учурда атайын техника иштеп жатат.

Аксыда жамгырдан улам Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында үйлөрдү, жолдорду жана көпүрөлөрдү каптагандыктан 5-июнда жергиликтүү бийликтин буйругу менен өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу.

Авлетим суусу көбөйүп, күйдүргү очогу көмүлгөн жерди жууп кетүү коркунучу жаралган.

Синоптиктер, жаан-чачындуу аба ырайы 15-июнга чейин сакталарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG