Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

АКШ Сомалидеги "ал- Шабааб" тобуна сокку урду


"Ал- Шабааб" тобунун согушкерлери. 2010-жылы тартылган сүрөт.
"Ал- Шабааб" тобунун согушкерлери. 2010-жылы тартылган сүрөт.

Пентагон билдиргендей, АКШ күчтөрү “ал-Каидага” байланышы бар "ал- Шабааб" тобуна Сомали борбору Могадишудан 300 чакырымдан түштүк-батыш тарапта абадан сокку урду.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин “ал-Шабаабга” каршы аскерий операцияларды кеңейтип, анын ичинде Сомалинин түштүгүндө, мерчемделген аймактарга абадан сокку урууга уруксат берген эле.

Акыркы соккудан кандай натыйжа болгонун Пентагон маалымдаган жок.

Сомали президенти Мухамед Абдуллахи Мухамеддин кеңсеси болсо, алар өлкөнүн атайын күчтөрүнө “ал-Шабааб” тобуна эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен сокку урууга уруксат бергенин белгиледи.

Сомали тараптын билдирүүсүндө “бул ийгиликтүү сокку болду, “ал-Шабаабдын” командалык жана камсыздоо түйүнүн талкалады. Бул акыр-аягында душмандын Сомалинин ичинде жаңы чабуул жасоо жөндөмүнөн ажыратат”,- деп айтылат. (UE)

XS
SM
MD
LG