Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Эсеп палатасынын аудитору менен инспекторлору коррупцияга шектелүүдө


УКМК билдиргендей, Эсептөө палатасынын аудитору менен мамлекеттик инспекторлору коррупцияга шектелип кармалды. Атайын кызматтын маалыматында Эсеп палатасынын "Республика-Ата-Журт" партиясынын квотасынан дайындалган аудитору "Э.Э", ошондой эле «К.У» жана «М.К» аттуу мамлекеттик инспекторлор текшерүү объектилеринен такай акча алып жүргөн коррупциялык система ачыкталганы айтылат.

Чогултулган материалдардын негизинде аларга Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренесинин (коррупция) биринчи бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголгон. Иликтөө учурунда текшерилген объектилердин өкүлдөрүнөн мамлекеттик инспекторлор чоң суммадагы акча алып, анын негизги бөлүгүн аудиторго берип турганы аныкталган.

9-июнда аудитор иш бөлмөсүндө инспекторлордун бири менен чоң суммадагы акча менен кармалган. Алардын баш коргоо чарасы аныкталып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды, экинчи инспектор убактылуу кармоочу жайда отурат. Тергөө иштери уланып жатканы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG