Куткаруучулар 10-июнда дайынсыз жоголгон адамды издөө маалында Чүй облусунун Аламдүн районундагы Озерный айылындагы көлмөлөрдүн биринен белгисиз сөөктөрдү таап чыгышты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, табылган сөөктөр кишиники же малдыкыбы, азырынча белгисиз. Экспертиза үчүн милицияга өткөрүлүп берилген. (NT)