Базар-Коргон районунун Могол айылында Кара-Үңкүр дарыясындагы көпүрө 11-июнда кулап түштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, аталган дарыяда суу кескин көбөйүп, көпүрө талкаланган.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош жолундагы бул көпүрө 1987-жылы убактылуу пайдалануу үчүн салынган жана авариялык абалда болчу.
Кыргызстанда быйыл жаан-чачын көп жаап, дарыяларда суу катуу кирди, сел, суу ташкын коркунучтары көбөйдү. (NT)