Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды


Cадыр Жапаров
Cадыр Жапаров

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калды. Ишти бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту караганын анын жубайы Айгүл Жапарова "Азаттык" радиосуна билдирди.

6-июндагы соттук отурумда адвокаттар иштин материалдары менен таанышууга убакыт сурашкан. Бүгүнкү отурумда аны үй камагына чыгаруу сунушу киргизилген, бирок сот аны канааттандырган жок.

Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасында кармалган.

Нааразы болгон тарапташтары ошол күнү УКМК алдында милиция менен тирешип, жүздөй киши кармалган. Алардын ичинен 12 адам эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганы бар. (SE)

XS
SM
MD
LG