Антонио Гутерреш менен Эмомали Рахмон адам укуктарын Душанбедеги бүгүнкү жолугушуусунда талкуулады.
Гутерреш өзү журналисттерге билдиргендей, Улуттар Уюму Тажикстанга Адам укуктары боюнча кеңештин сунуштарын аткаруу ишинде жардам берет.
БУУнун Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн баш катчысы Тажикстанга чейин Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстанда болгон эле. Алдыда Түркмөнстанга да барат.
Баш катчынын сапарына тушташ Бишкекте адам укугун коргоочулардын, активисттердин тобу БУУ үйү алдында нааразылык акциясына чыгышкан.
Алар өз акциясын баш катчынын көңүлүн өлкөдөгү укук бузууларга, саясий жүйөсү бар сот иштерине бурдуруу аракети деп түшүндүрүштү.
Кыргызстандык адам укугун коргоочулардын тобу ошондой эле баш катчы менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү чектелгенине, жыйынга алардын айтымында, “бийликке ыңгайлуу” адамдар чакырылганына да нааразы болушту.
Антонио Гутеррештин Борбор Азияга сапарын утурлай “Хьюман Райтс Уочт”уюму аны Борбор Азия лидерлери менен жолугушуда “адам укуктары чөйрөсүндөгү конкреттүү оңолуулар, анын ичинде кыйноо практикасын токтотуу, демонстрациялар менен ой-пикир эркиндигин билдирүүнү басуудан баш тартуу” маселесин көтөрүүгө чакырган. (UE)