Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Орусия: жол кырсыгы он эки адамдын өмүрүн алды


Орусиянын "Байкал" жолундагы кырсык.
Орусиянын "Байкал" жолундагы кырсык.

Орусиянын Байкал трассасынын 702-чакырымындагы Хохотуй кыштагында он эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында каза тапкандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Кырсык 11-июнда болгон. Элүү жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус жолдун татаал участкасында жолдон чыгып, 25-30 метр ылдыйга кулап кеткен.

Азыр 37 адам ооруканада жатат, арасында балдар да бар. Автокырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө. Полиция кылмыш ишин козгоду. Жабыркагандардын абалы оор жана орточо оор деп бааланууда.

Орус бийлигинин маалыматында кырсыкка айдоочунун рулду башкара албай калганы жана жолду оңдоо үчүн бордюрлар алынганы себеп болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG