Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды полиция Москвадагы үйүнүн кире беришинен кармап кеткенин анын жубайы кабарлады.
Москвадагы антикоррупциялык митинг Бишкек убактысы боюнча кечки саат беште бийликтер менен мурда макулдашылгандай, Сахаров проспектисинде эмес, Тверь көчөсүндө өткөрүлмөк.
Борбордо макулдашылган орундун которулушун Навальный бийликтердин кысымы, үн күчөткүч жабдууларды, видео экрандарды колдонууга тыюу салышы менен түшүндүргөн. Бийлик өз кезегинде Москвадагы митингдин орду которулушун мыйзамсыз деп аташкан.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын маалыматына караганда, Навальныйдын кеминде беш жактоочусу Санкт-Петербург шаарында да кармалды. Алардын бири “Володя! Биз сенден тажадык!” деген плакатты көтөрүп жүргөн.
Кармоолор башка шаарларда болууда. Норильск шаарында кеминде он, Благовещенск шаарында болсо кеминде тогуз, Владивосток шаарында 20 активист кармалган. Ал эми Новосибирск шаарында бийлик менен макулдашылган антикоррупциялык акцияга 5000дей, Казан шаарында 400дөй адам жыйналды. Навальный буга чейин анын жактоочулары антикоррупциялык акцияларга Орусиянын 210дон ашуун шаарында чыгарын билдирген.
Антикоррупциялык митингдер бүгүн Барнаул, Братск, Улан-Удэ, Томск, Тюмень, Якутск шаарларында өткөнү кабарланды. Мындан мурда, 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция 1000дей адамды кармап, анын ичинде Навальный 15 суткага кесилген болчу. Ал буга чейин 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын да жарыялаган. (UE)