Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Мародерчулук боюнча парламент токтомунун аткарылышы каралат


Курманбек Бакиевдин Бишкекте өрттөлгөн үйү
Курманбек Бакиевдин Бишкекте өрттөлгөн үйү

Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бир катар чуулгандуу иштерге баа берүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча кабыл алынган токтомдун аткарылышын талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган комитеттин төрагасы, “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев билдирди.

- Токтомдун аткарылышы, ошол жерде коюлган маселелер эмне болуп жатканы тууралуу маалымат алынат. Анда укук коргоо органдарына тапшырма берилген, ал маселе коюлат. Эгер токтом аткарылса көзөмөлдөн алынат, же иштей турган жоболор болсо комитеттин чечими менен узартуу боюнча парламенттин жыйынына кирет.

Жогорку Кеңеш 2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутуларын талап-тоноо, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча 20-апрелде токтом кабыл алган.

Анда "комиссиянын корутундусуна укуктук баа берүү Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана башка укук коргоо органдарына тапшырылсын" деп жазылган. Иликтөөлөрдүн жүрүшү тууралуу Жогорку Кеңеш укук коргоо органдарынын маалыматын уга турганы айтылган. 12 депутаттан турган комиссия өткөн жылы октябрь айында түзүлгөн.

Мародерчулукка байланыштуу УКМК экс-депутат Райкан Төлөгөновду марттын этегинде камакка алган. Февраль айынын этегинде “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынган. Ага орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы "Мегаком" ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. УКМК Текебаевге "коррупция" жана "шылуундук" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери жана "Ата Мекен" партиясы ага козголгон ишти бийликтин куугунтугу катары баалап келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG