Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Каада-салтты даңазалаган “Кыргыз көчү – 2017” фестивалы өтөт


"Кырчын" жайллосундагы этностук-маданий оюндардан. 04.9.2016.
"Кырчын" жайллосундагы этностук-маданий оюндардан. 04.9.2016.

Ыйман, маданият жана адеп жылына карата жана тоо туризмин өнүктүрүү максатында Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Чуңкурчак капчыгайында “Кылым карыткан кыргыз көчү” деген аталыштагы фестиваль өтөт.

Уюштуруучулардын бири, “Супара” этнокомплексинин башкаруучусу Кайрат Мусаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, анда кыргыздын каада-салты, көчмөн элдин жашоосу чагылдырылат.

- Биздин ата-бабаларыбыздан калган салт, ырым-жырым жана үрп-адаттарыбызды, негизинен көчтү кайра чагылдыралы деген максатта уюштуруп жатабыз. Фестивалдын башында кербен өтөт. Салттарга кандай бай болгонубузду көрсөтөлү деп жатабыз.

Мусаевдин белгилешинче, 17-июнга белгиленген фестивалда кыргыздын жана көчмөн элдердин улуттук оюндары ойнолуп, көргөзмөлөр уюштурулат. Кол өнөрчүлүк боюнча түрдүү мастер класстар болот. Фестивалды өткөрүү демилгесин Аламүдүн районунун Арашан айылынын тургундары көтөргөн. Бүгүн уюштуруучулар бул иш-чара тууралуу маалымат беришет.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG