Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Ар бир балага жөлөкпул төлөө демилгеси көтөрүлдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиеванын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга мамлекеттин эсебинен бир жолку сүйүнчүпул төлөө демилгеси көтөрүлүп жатат. Мындан сырткары үч жашка чейинки балдарга ай сайын берүүчү жөлөкпулду белгилөө жана ал үчүн үй-бүлө кирешесин эсепке албоо талаптары коюлган. Бул сунуштар “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзам долбоорго киргизилип, ал профилдик комитетте үчүнчү окууда кабыл алынды.

- Эң биринчи өзгөчөлүк - коррупциялык тобокелчиликтерди жоет. Адамдын кирешесине карабай эле баары текши жөлөкпул ала алат. Экинчиден, ар бир төрөлгөн балага 4 миң сомдон сүйүнчүпул берүү, ай сайын ар бир балага үч жашка чейин 700 сом берүү демилгеленип жатат. Үй-бүлөдө үч баладан көп болсо ошолор 16 жашка чейин 500 сом ала алат.

Касымалиеванын белгилешинче, мыйзам кабыл алынса жөлөкпул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд. сом керек болот. Учурда жөлөкпул үчүн 6 млрд. сом бөлүнөт.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ушул тапта айына 800 сом алышат. Кыргызстанда аз камсыз болгондугу үчүн жөлөкпул 90 миңге жакын үй-бүлөгө же 279 миң балага берилет. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, үй-бүлө кирешесин эсепке албастан бардык балдарга бирдей жөлөкпул төлөнөт. Ошондо мындай каржылык колдоодон 660 миң бала пайдалана алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG