Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайынын жетекчилиги Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп мекемени ижарага берип иштетип келген. Бул тууралуу аталган фонддун башчысы Болсунбек Казаков 12-июнда парламент комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, ижара акынын төлөмдөрү көрсөтүлгөн эмес жана ал каражат бюджетке түшкөн эмес. Спорт ордосунда ушундай 34 ижара келишими аныкталды.
- Ушуга окшогон мисалдар көп эле чыгып жатат. Мамлекеттик ишканаларда да бар. Ошол эле “Военторг” мамлекеттик ишканасында дагы ижара келишими Мүлк фонду менен макулдашпастан, бюджетке түшүүчү төлөмдөрү көрсөтүлбөстөн иш жүрүп келген. Спорт ордосу боюнча беш кылмыш иши козголду.
Казаков инвентаризация толугу менен бүтсө, ар бир мекеме боюнча толук маалымат берилерин кошумчалады.
Буга чейин Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына тиешелүү мүлктөргө инвентаризация жүргүзүү боюнча токтом кабыл алган. (КЕ)